Кыргыз-тажик чек арасындагы абал жөнгө салына элек. Бул тууралуу Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттары айтып беришти. Алар окуя болгон жерге Жогорку Кеңештин депутаттары келишин эл күтүп жатканын айтышты.
"Абал туруксуз, эл чек арадан өтө албай чогулуп турушат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн вице-премьер Жеңиш Раззаков келди. Бирок эл менен жолуга элек. Ак-Сай-Тамдык жолун куруп баштаса тажик тарап токтотуп жатат. Ошол себептен жолду ачпай жатышат. Жергиликтүү эл депутаттар Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Каныбек Иманалиевдин окуя болгон жерге келишин күтүшүүдө", - дейт айылдык кеңештин депутаты.