Чек арадагы ок атышуудан улам үйлөрүн таштап кеткен Максат айылынын тургундары кайтып келишүүдө

Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан кийин үйлөрүн таштап кеткен Максат айылынын тургундары кайтып келишүүдө. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынын аппарат жетекчиси билдирди.

"Тургундар үйлөрүнө келип жатышат. Азыр канча пайыз жашоочу келгенин тактап жатабыз", - деди аппарат жетекчи.

16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, дагы 13 жаран жаракат алган. Ал эми жаракат алгандардын 10у тик учак менен Бишкек шаардык ооруканасына алып келинген. Башкы прокуратура каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон. Чек арада абал тынч экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2011
2019-09-19 13:09:39
Кыргыз тарап баардык рычагдар менен Тажикстанды кысуу керек да, сүйлөшүүгө макул болбо керек. Чооң ультиматум коюш керек, алардан бир делегеция келип эле чечели десе макул дей калбай. Ультиматум менен чечиш керек.
+4
altyn-kumush
2019-09-19 14:38:54
максат айылынын тургундары өзүбүздүн жерибизди сактап калууда силердин салымыңар чоң. Ошентсе да кошуна эл менен буга чейин жакшы мамиледе болгонсуңар ушунуңардан жазбагыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан