Орто-Боз айылынын тургуну: "Чек арага жакын эки айылдагы балдар менен аялдар коопсуз жайга көчүрүлүп жатат"

Баткен районунун Кыргыз-Тажик чек арасына чектеш турган Ак-Сай жана Орто-Боз айылындагы балдар менен аялдар коопсуз жайга көчүрүлдү. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге Орто-Боз айылынын тургуну кабарлады.

Тургундун айтымында, учурда балдар менен аялдар жеке унаалар менен Баткен шаарына жеткирилип, шаардагы №3 орто мектептин жана №57-кесиптик лицейдин спорт залына жайгаштырылды. Айрымдары шаардагы туугандарынын үйүнө жеткирилди. "Балдар менен аялдарды шаарга жеткирдик. Азыр айылда жалаң гана эркектер калды, чек арада абал тынч", - деди ал.

13-март күнү Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, Ак-Сай жана Орто-Боз айылдарынын тургундары Тажикстандын чек арага жакын айылдарынын тургундары менен бири-бирине таш ыргытышкан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. Бүгүн түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылды. Асманга атылган октон 3 Кыргыз жараны жаракат алса, Тажикстандын дагы 2 жараны каза болуп, 20дай тургуну жаракат алганы жазылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TalaCSKA
2019-03-14 23:48:14
Кантип асманга атылган октон жарадар болушуптур кичине тактап туура жазгылачы !
+3
raykray
2019-03-14 23:51:01
TalaCSKA,ушундай биздеги жанылыктар кече жазышты эле таш ыргытуу болуп бир уй орттонду деп,кантип таш ыргытса уй орттонот? Автомат мн аткылаганы айдан ачык! Мен окуганы кирбей аттым эртеден чыдабай кайра кирсем баягыле абал тынч?! Видеолор жана ошо айылда жашаган эжеден коруп угуп эле атам(((
+5
Ysakov_Nur
2019-03-15 00:10:08
Кыргыз журналисттер фантастика жагынан Индиянын режиссёрлорунан да ашып кетти го)))
Асманга атылган октон адамдар каза болуп, таш атышуудан уйлор орттонуп...
Жаап-жашырбай ачык айкын эле айта бергиле, уже эл деле билет Баткенде абал кандай экенин)))
+6
Rifle_I
2019-03-15 09:36:19
Ysakov_Nur,вотсаптан түз эле видеолор келип жатат.
+1
tattusha
2019-03-15 09:01:04
Эмне учун озунун жеринде (Кыргызстандын территориясында)оз уйлорун таштап кетиш керек, биздин аскерелер коргой албайбы???
+4
Rifle_I
2019-03-15 09:35:33
Улукбек Кочкоров канча зар какшап айтты ушул чек ара маселесин. Качан эле чечилиш керек эле бул маселе.
+1
katerina.li
2019-03-15 09:48:01
Баатырлар деп ушу айылдын элдерин айтыш керек. Кашык каны калгыча курошот мекен,эл жер учун. Анан кырк чорону баатыр дебей эле койгулачы,апрель баатырларыбыз деп жургондор да баатыр эмес. Эркектер коргобозо жкрибизди ,биз аялдар чыгалы анда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан