Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан дагы бир Кыргыз жараны октон жаракат алды. Мындай маалыматты SUPER.KG'ге чыр орун алып жаткан Ак-Сай айылынын тургуну кабарлады.
Маалым болгондой, атылган ок тургундун колуна тийген. Учурда Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына алып келди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова октон жаракат алган жарандын абалы туруктуу экенин, учурда дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлүп жатканын айтты.
Буга чейин Баткен РИИБинин кызматкери атылган октон жаракат алып, ооруканада операция жасалган.
Мамлекеттик чек ара кызматы саат 16:10 чамаларында Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан курчуп кеткенин, Ак-Сай айылынын Бакай аймагында чогулгандардын бири-бирине таш ыргытуусунан бир адам жаракат алганын билдирген болчу.
Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болгон. Бул маселе боюнча бүгүн өлкө башчы Кыргыз мамлекетинин чет өлкөдөгү элчилери менен жолугушууда үн каткан жок.