Баткен районунун Кыргыз-Тажик чек арасына чектеш турган Ак-Сай жана Орто-Боз айылындагы балдар менен аялдар 14-мартта Баткен шаарына көчүрүлүп келишкен. Көпчүлүгү шаардагы №3 орто мектептин жана №57 кесиптик лицейдин спорт залына жайгаштырылса, айрымдары туугандарынын үйүнө жеткирилген.
Бүгүн, 15-мартта SUPER.KG Ак-Сай айылынан 4-5 небереси менен бирге шаардагы кызынын үйүнө келген Гүлсанам Кудайбердиева менен байланышып абалын сурады. Ал чек арадагы абал өзгөрсө үйүнө бара турганын айтты.
"Чек арада буга чейин деле чыр болуп келген, бирок мынчалыкка болгон эмес. Азыр ок атышууга чейин жеткендиктен коркуп айылдан чыгып, коопсуз жайга барууга туура келди. Кечинде неберем жана бир кызым менен Баткен шаарына келдик. Кайненем дагы башка туугандарыбыздын, келиним ата-энесинин үйүнө кетти. Бүгүн күйөөм менен байланышсам дагы 5-6 күн тура тургула деп койду. Абал өзгөрбөсө бара албайбыз. Качанкыга чейин ушинтип жүрөбүз, кандай болот белгисиз", - деди Кудайбердиева.
13-мартта Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон 3 Кыргыз жараны жаракат алса, Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылган.