"2008-жылы эч бир чиновник жоопкерчиликти моюнуна албай койгондо Мадумаров Баткендеги жолдун бүтүшүн камсыздаган" дейт Саитжан Эратов

13-мартта Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушунан улам Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыккан.

Интернетке "Адахан Мадумаров Ак-Сай айылындагы жер тилкесин Тажикстан тарапка 49 жылга берип койгон" деген расмий тастыктамасы жок маалыматтар тарап кеткен. Саясатчы Адахан Мадумаров мындай маалыматтарды карандай калп деп атап, өзүнө карата мындай каралоо азыркы бийликтин көрсөтмөсү менен болуп жатканын белгилеген.

2008-жылы Баткен чек ара отрядынын жетекчиси болгон Саитжан Эратов "Говори твга" маек берип жатып, эч бир чиновник жоопкерчиликти моюнуна албай койгондо Мадумаров Баткендеги жолдун бүтүшүн камсыздаганын айтты. "Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын ортосунда 2008-жылы түзүлгөн протоколду жатка билем. Ошол убакта мен Баткен чек ара отрядынын жетекчиси элем. Ушул документтерге кол коюлуп жатканда мен Адахан Мадумаров менен бирге жүрүп, тарыхый окуялардын күбөсү болгом. Баткенде 25 чакырым жол курулуп жаткан, 275 метр жерге келгенде Кыргыздын эч бир чиновниги моюнуна жоопкерчиликти алган эмес. Адахан Мадумаров жоопкерчиликти алып жолдун салынып бүтүшүн камсыздаган. Мен уккан нерсени эмес, өзүм көргөн нерсени айтып жатам. Ошол кездеги маселелерди Мадумаров туура жагынан чечип, ишке жараган. Анда Мадумаровду "туура кылдыңыз" деп Баткен облусунун губернатору жана башкалар колдогон, бетинен өөп жибергендер дагы болгон. 10 жыл өткөндөн кийин өзүнүн кетирген кемчиликтерин Мадумаровго жүктөп коюу жигитчиликке жатпайт. Мадумаров андай кадамдарга барбаганда биздин жолубуз бүтпөй калмак", - дейт Эратов.

Саитжан Эратов: "Мадумаров Баткендеги жолдун бүтүшүн камсыздаган"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан