Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек ара чырында 14 кызматкер жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Учурда жалпы жаракат алгандардын саны 14. Алардын ичинен сегизи Бишкек шаарындагы бейтапканаларда, алтоо Баткен облусунун бейтапканаларында", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан расмий маалымат боюнча, 34 адам көз жумуп, 163 адам ар кандай жаракат алган.