Чек ара кызматы: "Тажик тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын чек арага киргизүүнү токтото элек"

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы саат 15:00гө карата Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Маалыматта бүгүн, 1-майга карата чыр чыккан аймакта абал курч бойдон калып жатканы айтылат.

Анда Тажикстан кошумча күчтөрдү жана техникаларды чек арадан чыгарып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузганы белгиленген.

Билдирүүгө караганда, тажик тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын чек арага киргизүүнү токтото элек.

Мындан сырткары коңшу тарап Көк-Таш айыл аймагы тарапка мезгил-мезгили менен өтүп бара жаткан унааларды аткылап жатат.

УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев 13:35те сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кеткени да кабарланды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sabirdinovich
2021-05-01 17:14:56
Биздикилер отура бербей аракет кылышпайбы
+7
Tatu_8889
2021-05-01 17:21:16
Силер нак жеп отурасынарбы алар киргищип жатса
+8
Missing-u
2021-05-01 17:22:21
Тажикистандын ММК ларында Кыргызстан кол салды,келишимди бузду деп журот. Учунчу куч точно чабыштырып жатат,Кыргызстандын аскерлери аткылап жатат тажиктер каршылык корсотуп жатат деп жазып жатышат алардын да элин козгоп. Кээ бири жазат кол салгандар ошо жердеги тажиктер эмес алар фарси башка эл дейт,учунчу тарап кошулуп согуш башталып кетпесе экен...
+4
Urmat78
2021-05-01 17:52:54
Бизге чек арачылардын армиянын кереги жок экенда.Канча күн болду канча айылды алдырышты
+7
Egizderim-baktim
2021-05-01 21:53:27
Жон эле болгон военный техниканы апарып тизип чек араны коргосо болбойбу, алып кете элек ар жактан кирип атат дешпей, приказ бербей аткан Сабыр болду эми тур козунду ач элинди кырып жеринди басып алышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан