Кечээ, 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атуудан атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминов каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Равшан Муминов 41 жашта. Муминов Максат чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан. Анын артында аялы, 3 баласы калды.
Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылды. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, ок атуу кечээ, 16-сентябрда саат 21:30да токтотулду. Окуя тажик тараптын такталбаган аймакта курулуш иштерин баштаганынан улам чыккан.
SUPER.KG порталы Равшан Муминовдун көз жумганына байланыштуу анын жакындары жана туугандарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.