"Сасып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салган айдоочу жумуштан алынды

Буга чейин айдоочунун "Сасып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салгандагы видеосу тараган. Анда жазылгандай, окуя Бишкек шаарындагы №11-каттамдагы троллейбустардын биринде болгон.

Бүгүн, 16-сентябрда улгайган жүргүнчү аялды сасып жатасың деген жүйө менен троллейбустан түшүрүп салган айдоочу жумуштан алынганын Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мындай иш-аракетти жасаган айдоочу жумуштан берене менен алынган.

"Бүгүн бизде ички кеңешме өттү. Ага айдоочу өзү да катышты. Биз андан эмне себептен мындай жорукту жасаганын сурадык. Ал троллейбустагы жүргүнчүлөрдүн түшүрүп салуу талабы болгонун, ошондон улам ушундай кадамга барганын айтты. Жүргүнчүлөр суранган күндө да айдоочу мындай ишти жасабашы керек болчу. Ал кандай берене менен кетерин кадрдык бөлүм чечет. Айдоочу өзү өкүнүп жатканын айтып, кечирим сурады. Видеого тартып алышканы боюнча кабары жок экен", - деди башкармалыктын бөлүм башчысы Мукай Асанов.

Белгилүү болгондой, улгайган жүргүнчүнү троллейбустан түшүргөн айдоочу бул жумушта иштегенине бир жылга жакын убакыт болгон.

Бишкек шаардык мэриянын маалыматына ылайык, айдоочу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесинин (Иш берүүчүнүн демилгеси менен жумуш келишимин бузуу) 5-бөлүмү менен иштен кетти. Улук айдоочу сөгүш алып, депонун директоруна да чара көрүлдү.

"Чын дилден кечирим сурайбыз", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.

Айдоочу "жыттанып жатасың" деп кемпирди троллейбустан түшүрүп салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Suzak12
2019-09-16 12:14:44
Жургунчулор наборот тушурбо деп суранып жататко менин оуймча копкон водительсинго.
+8
Shabi
2019-09-16 15:08:29
Suzak12,кыргызбыз да,кичи колубузга бирнерсе тийсе же колубуздан бирнерсе келип калса,кенкейип кыйын сынып калабыз
+1
raikakyz
2019-09-16 12:24:08
Азыркы заманда алды артынды этияттап карап,унсуз чучкуруп,жытсыз жел чыгарып журуш керек болуп калды.Озундон мурда Олкого таанымал болбой.
+8
asdef
2019-09-16 13:14:45
Кемпирден кечирим суратып за моральный ущерб толотуш керек
+4
katerina.li
2019-09-16 13:20:45
Сен да картаясын эртен эле. Ошондо билесин карыган кандай болоорун.
+5
Avrora2017
2019-09-16 14:48:15
Абдан жакщы болуптур эми озу сасып журсун жумуш жок, азыр ушу видео деген жакшы болдуда кее бир акмактардын абирин ачып турганга
+4
Sultanim
2019-09-17 11:37:45
Ооо Жараткан Кудай! Бизди биз м-н уят кыла көрбө!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан