Интернетке коомдук транспорттон айдоочунун жүргүнчү аялды жемелеп, аны түшүрүп салгандагы видеосу тарады. Видеону жүктөгөндөр: "№11 троллейбус, чоң энени түшүрүп салды" деп жазган.
Видеого тартылгандай, айдоочу улгайган аялга келе жатканда жүргүнчүлөрдүн бири "Жөн коюңуз, карыган эне түшпөй эле кете берсин" деп суранган. Бирок айдоочу "сасып жатат" деген жоопту узатып, кемпирден транспорттон түшүп кетүүнү талап кылган. Улгайган аял "жыт менден эмес" деп жооп берген. Анткен менен айдоочу анын актануусун уккан жок.