Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды (фото)

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырдан жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда дарыланып жатышат. Өлкө башчы чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады. Мекенине ак ниет менен кызмат кылгандыгы жана мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан