Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат айылында бүгүн, 16-сентябрда саат 20:00 чамасында ок атышуу болгон, андан 2 чек ара кызматкери, 6 Максат айылынын тургуну, анын ичинен 1 өспүрүм жаракат алышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошол замат "Тез жардам" кызматы аркылуу Кулунду жалпы дарыгерлик-практикалык борборуна жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн соң Лейлек аймактык ооруканасына жөнөтүлдү.
Айыл тургундарынын абалдары орто, бир чек ара кызматкеринин абалы өтө оор, башынан жарадар болгон. Экинчи чек ара кызматкеринин да абалы оор.
Азыркы убакта Максат айылында жалпысынан 4 "Тез жардам" кызматы иш алып барып жатат. Лейлек аймактык ооруканасынын дарыгерлери "Тез жардам" унаасы менен окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Жабыркагандар дары-дармек, керектүү медициналык жабдыктар менен толук камсыздалып жатат.