10-январга караган түнү Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде дагы ок атышуу орун алды. Учурда жагдай тынчып калганын, тажик тарап ок чыгарууну токтотконун Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда. Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде күч түзүмдөрдүн иш-аракетин Баткен облусунда жүргөн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев координациялоодо", - деп кабарлады.
Окуянын чоо-жайы:
9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40та Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде, белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалган.
Болжол менен бир сааттан кийин, тагыраагы, саат 01:40 чамасында Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан.
Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирген.