"Мен Баткенге жөнөп жатам, бийликтегилер мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт" деген билдирүүсүн саясатчы Камчыбек Ташиев интернеттеги жеке баракчасына жазды.
Ал өзүнүн билдирүүсүндө Баткен жергесиндеги талаш жер үчүн баарына даяр экенин белгилеген.
"Кээ бир адамдар бул "пиар" деп айтышы мүмкүн, бирок эч качан пиар менен жашаган эмесмин, мен үчүн Кыргыздын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Баткенге жөнөп жатам, бийликтегилер мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Жер, эл бизге керек, менин, сенин урпактарыңа керек! Ата-бабалардын жерине кол тийгизбейбиз", - деп жазды Ташиев.
Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган. Дагы бир адамга ок тийип, ага Баткен облустук ооруканасында операция жасалганы белгилүү болду.