Депутаттар Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча Ак Үйдүн алдына митингге чыккан жарандардын кармалганы боюнча нааразы болушту. Бул тууралуу алар бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында пикирлерин билдиришти.
Депутат Мирлан Жээнчороев бүгүн эртең менен эч кимге тоскоолдук жаратпай, жарандар митингге чыгышканын айтты. "Анда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери митингге чыккан жарандарды түртүп, маданиятсыздыгын көрсөтүштү. Жарандар тоскоолдук жаратышпай, өздөрүнүн пикирлерин айтып жатса, аларды кармап кеткен туура эмес. Бул боюнча прокуратурага кайрылуу керек", - дейт Мирлан Жээнчороев.
Депутат Наталья Никитенко дагы бул маселени көтөрүп, чара көрүлүшү керектигин белгиледи.
Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков бул боюнча тактоо иштери жүрүп, чара көрүлө турганын билдирди