Лейлек районунун айылдарына гуманитардык жардам аз санда барып жаткандыктан бардык элге жетпей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жергиликтүү тургундардын бирине байланышканыбызда билдирди. Анда ал качкын эл көп болгондуктан керектүү эң негизги нерселер - жалаяк, тамак-аш, дары-дармектер, жылуу кийим жетишсиз санда экендигин айтты.
"Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургуну болом. Маргун айылына качып келгенбиз. Бул жакта 10 миңдей качкын бар. Гуманитардык жардам келип жатат, бирок азыраак келип жатабы же биз көрбөй жатабызбы? Эл бул жакта аябай көп, жетпей сурагандар көп. Эл ток пейил, жардам берип жаткандарга рахмат. Ушуга да шүгүр деп бөлүшүп жеп жатабыз. Айылдын аялдар комитети өздөрү издеп жалаяк жана башка керектүүлөрдү алдыртып жатышат. Ооруп жаткандар көп, балдар ыйлап жатышат. Бизге керектүү эң негизги нерселер - жалаяк, тамак-аш, дары-дармектер. Булардын бардыгы баарыбызга жетпей жатат.
Биз ээси жок, эч нерсеси жок үйгө келдик, кээ бирөөлөр ээси бар үйгө барышты. Мисалы, бир киши 20 үй-бүлөнү мен багам деп үйүнө киргизди. Ал кишинин деле азык-түлүгү түгөнөт да, бүгүн үчүнчү күн болуп жатат. Майларыбыз, туз калбай калды. Дүкөндөн алалы десек эч нерсе жок. Ылдый жакка түшөлү десек ал жакта ок атылып жатат, кооптуу. Исфанага баралы десек жол алыс, айылда бензин жок. Илгерки согуштай эле болуп жатат.
Биз күн ысыкта келип, качкыла десе эч нерсе албай эптеп документтерибизди араң алып келе бергенбиз. Жука кийимдер менен келгенбиз ошого жылуу кийим, шым керек болууда. Үшүп, ооругандар көп", - деди Лейлек районунун тургуну.