Дамир Мусакеев Молдовановкадагы №27 түзөтүү абагына которулду

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин ишин карап, Свердлов райондук соту чыгарган чечимди күчүнө калтырды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык соттун чечиминен кийин, тактап айтканда 18-сентябрда Мусакеев Молдовановкадагы №27 түзөтүү абагына которулган.

Дамир Мусакеев кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүрүүгө айыпталып, 24-майда 5 жылга соттолгон. Чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.

Ал эми 8-майда Башкы прокуратура Мусакеевге "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 2010-2017-жылдар аралыгында жалпы суммасы 20 миллион сомду түзгөн мүлктөрдү сатып алган деп айыпталган. Мусакеев Башкы прокуратура көрсөткөндөй мүлктөрү болсо, 2016-жылга чейин үй-бүлөсү менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашабай тургандыгын айтып чыгып, журналисттерге 20 миллион сомдук делген үйлөрүн 4 жарым сааттын ичинде көрсөткөн. Андан соң Башкы прокуратура билдирүү таратып, Дамир Мусакеев журналисттерге ачык көрсөткөн жер тилкелер жана үйлөр жакын туугандарына катталган мүлктөрдүн бир бөлүгү гана деген.

Мусакеев УКМКнын 9-кызматынын жетекчилигине 2016-жылы 1-июнда дайындалып, 2018-жылы өз каалоосу менен кызматтан кеткен.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gitaris93
2019-10-05 11:52:18
Аябай эле 10 15 жыл берсеңер болмок.
-4
Akshumkar
2019-10-05 13:38:02
Эн туура эмес кылып жатат бийлик бир тараптуу болуп жатат. Булар дагы чыгат убактысы келип анан корот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан