"Антошка" тез тамактануучу жайынан чыккан өрттөн жабыркагандардын бешөө ооруканадан чыкты

8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Антошка" тез тамактануучу жайынан өрт чыккан. Өрттөн 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жаткан 7 адамдын бешөө ооруканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталы өрттөн жабыркап, ооруканада жаткан Бурул Абдыжапарова билдирди.

"Азыр ооруканада чогуу иштеген дагы бир бала экөөбүз калдык. Калгандары үйлөрүнө чыгышты. Мен баса албай жатам. Операция жасалат деп да айтышууда", - деди ал.

Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан