Бишкекте тез тамактануучу жайдан чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон адам тез тамактануучу жайдын кызматкери.
Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыккан өрттөн 12 адам жабыркады. "Алардын арасында 3 бала бар. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен шаардык балдар ооруканасына, 9 адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Алардын абалы тууралуу дагы кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.
Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.