8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез тамактануучу жайынан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. Жабыркагандар Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Бүгүн, 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан 3 жабырлануучу ооруканадан чыгарылганын маалымдады.
"9-ноябрь саат 10:00гө алынган маалыматка ылайык, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 7 жабырлануучу, алардын экөө жаш балдар дарылануусун улантып жатат. 3 жабырлануучунун абалы канааттандырарлык деп бааланып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - деди маалымат кызматынан.
Күйүктөр бөлүмүндө:
2001-жылы туулган Ж. кызы М. денесинин 3 пайызынан күйүк алган, абалы туруктуу.
2007-жылы туулган Т. К. денесинин 7 пайызынан күйүк алган, абалы туруктуу.
2004-жылы туулган У. уулу С. денесинин 5 пайызынан күйүк алган, абалы туруктуу.
2002-жылы туулган Д. И. денесинин 12 пайызынан күйүк алган, абалы туруктуу.
1993-жылы туулган Б. Б. денесинин 30 пайызынан күйүк алган, абалы канааттандырарлык. Ал жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.
1989-жылы туулган А. Б. денесинин 25 пайызынан күйүк алган, абалы канааттандырарлык. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.
Токсикология бөлүмүндө:
1990-жылы туулган Б. кызы А. түтүнгө ууланган. Абалы туруктуу.
Жабырлануучулар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болуп, бардык дары-дармектер менен камсыз кылынган.