Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун баш коргоо чарасы каралды. SUPER.KG порталы райондук соттун маалымат кызматынан тактаганда, аны 2020-жылдын 28-январына чейин камакка алуу чечими кабыл алынганын маалымдашты.
"Сопоковдун баш коргоо чарасы каралып, прокурордун тергөө-иликтөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу сунушу сот тарабынан канааттандырылды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилет", - дешти маалымат кызматынан.
Кечээ, 29-ноябрда Эркин Сопоков УКМКга сурака чакырылган. Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден алыс эмес тараптан Сопоковдун дипломатиялык номердеги унаасы табылган болчу. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "мыйзамсыз баюу" беренелери менен шектелип, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.