Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Укуктан биринчи - улут турат" аттуу акция болуп өттү

Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарында "Белгилүү маршрут" аттуу кыргыздын салт-санаасын сактоого чакырган акция болуп өттү. Бул тууралуу социалдык тармактарга жарыяланды.

Анда, мындай демилге жакында эле болуп өткөн музей чуусунан улам уюштурулуп жатканы белгиленди.

Маалыматка ылайык, уюштуруучулар "Укуктан биринчи - улут турат" , "Чечинбе, уят", "Улут укуктан бийик турат" деген жазуусу бар коомдук унаа менен шаар кыдырышты. Мындан тышкары, уюштуруучулар коомдук жайларга токтоп, улуттук нарктуулук жөнүндө маек куруп, чакан концерттик программа уюштурушкан. Аталган акцияга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышты. Демилгечилерди ак элечек кийген апалар коштоп жүрүшкөн.

Буга чейин Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинде өткөн көргөзмө талкуу жараткан. Андагы айрым экспонаттарга карата коомчулукта нааразычылыктар пайда болгон. "Мындай феминалле кыргыз баалуулуктарын булгоо", - деген сындар жааган. Резонанс жараткан окуянын айынан музейдин директору Мира Жангарачева арызын жазып жумуштан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rakyl12
2019-12-09 21:22:32
Туура укуктан биринчи улут турат.
+4
iryi1
2019-12-09 22:47:38
Улуттан биринчи укук турат. Улут деп кыйкыргындар чын эле улут, эл менен иши деле жок. Баары калп эле ооз менен былжырагандар.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан