Биз социалдык тармакта

Ажылык зыяратка бара тургандарды каттоо эртең башталып, 30-декабрга чейин уланат

2020-жылдагы ажылык сапарга каттоо эртең башталып, 30-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандар дин башкармалыгынан маалымат таратты.

Ажылык сапарга баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Талапкерлер башкармалыктын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук бөлүмдөрдө, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы.

Талапкерлерди ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 доллар квитанциясынын негизинде жүргүзүлөт.

Ошондой эле муфтият 2020-жылы ажылыкка баруучу жарандар башкармалык тарабынан жарыяланган мөөнөттүн ичинде каттоодон өтүүсү тийиш экенин, андан кечиккен жарандар каттоого алынбай турганын эскертет.

Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 6 миң 10 квота бөлүп берип, зыяраттын баасы 3 миң доллар деп бааланган.

Буга чейинки зыяратка каттоо иши ушул жылдын 9-январынан 31-январга чейин жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Qwer007
2019-12-15 15:41:49
Аллахы ушул жылы Апамды ажылыка барып келууго насип этчи...Ооминь
-6
Missing-u
2019-12-15 15:57:02
Ушуга кеткен расходту жашаган жеринде бир нерсе ачып же кыйналгандарга жардам берип коротсо кантет экен э...? Жаман оюм жок,бирок,башка жактан караганда алардын экономикасы осуп жатат ажылык сапар мн. Онукпой жатабыз деген мн тапкан акчанын баарын ушинтип аржака чачып салып жатпайбызбы... Мурун кочосундо кыйналган же карызы бар бироо болсода ажыга баралбайт эле,азыр ажыга барган барбагандын айыриасы деле калбай калды...Аркимдин оз ою дечи,бирок деп кээде ушундай ойлор келет да)))
+9
zhaku2017
2019-12-15 15:59:58
Мусулман болуп жыргап кеткен жокпуз. Молдолордун тилеги кыргызстанда көп аялдуулуктуу жайылтуу, максаты арабтардын каада салтын кыргызга танулоо, сыйынгандары Каадба таш, күнүмдүк жумушу арабча түшүнүксүз сөздөрдү кайталап турмай, аракеттери орто кылымдагы арабтардын түшүнүгүн жайылтуу, көнгөн адаты көрүнгөндү арабтар куруп берген мечитке сүйрөмөй. Сыйынып, жүгүнүп койгондон эч кимдин үнү кудайга жеткен жок. Жашообуз баягыдай эле эшек араба.
-5
MAKALAK
2019-12-15 17:18:13
Кудайга тооба кылдым суперди бүт эле теңирчи каапырлар басып кеткенби.Урматуу теңирчи каапырлар мусулмандарга тиешелүү бөлүмдү эмнеге окуп жатасыңар силерге кызыкчылыгы жок.Кыргызстан мусулман өлкө а силер теңирчи арстанчы каапырлар бир үйүр карышкырдай болуп өлүп кетесинер
+3
filis
2019-12-15 17:48:18
Негизи Куран китебинде арабтардын элдик оозеки чыгармалары жазылган. Эч кандай асмандан тушкон эмес.
+1
talas0707
2019-12-15 19:43:47
Ойдодогу акылдуулар ажылык силер учун эмес! Мусулмандар учун тушундунорбу. Ислам, динге асылбай жашагыла силердин дининерге биз тийишкен ЖОКПУЗ!
+4
Jacob.
2019-12-16 12:59:17
Ажылык бул парз!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан