Биз социалдык тармакта

Алия Шагиева бүгүн 23 жашка чыкканын жазып, Парижге барган сапарында 20 евро менен калганын баяндады

Алия Шагиева бүгүн 23 жашка чыкканын жазып, Парижге барган сапарында 20 евро менен калганын баяндады. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы социалдык тармактагы баракчасына таасирдүү билдирүү жарыялады.

"Качандыр бир кезде ар кандай ойго келбеген окуяларга бай өмүр баяным жөнүндө чыгарма жаза турган болсом, анда анын чейрек бөлүгү Парижге 2-3 аптага барып келгеним тууралуу болот. Азыр анын бирин бөлүшкүм келип турат.

Парижге баргандан үч күндөн кийин бир канча аптага жетиши керек болгон капчыгымда калган акча 10 евро экенин көрдүм. Тыйын-тыпырды чогултсам, баары биригип 20 евро чыкты. Ал акча бир тамактанууга жетмек. Жок, мен бардык акчамды көңүл ачууга жумшап, же уурдатып алган деле жокмун. Аны кийин айтып берем. Жашай турган жерим да белгисиз эле. Бир таанышымдын үйүндө бир канча күнгө эле кала алмакмын. Ошон үчүн бир нерсе ойлоп табуу керек болду.

Жанымда баштыгым анан чоң чемоданым бар. Аны дөңгөлөктөрү менен кошо сүйрөп жүрүү да оор. Адашып кетсем эмне болот, дагы чыгым болуп жүрбөйүн деп коомдук транспортко түшүүдөн чочуладым. Алыс болгонуна карабай жөө жүрдүм. Аргасы түгөнгөн көчмөн-кыргыз аялы эч нерседен коркпойт деген ой жылмаюуну жаратты. Тамашасыз кээде жашоо мүмкүн эместиги сизге деле тааныш болсо керек.

Бир кезде эмне кыларымды билбей турганымда жанымда өтүп бара жаткан эркек кишиден тамеки сурадым. Мага кутусу менен кошо карматышты. Францияда тамеки бизден10 эсе кымбат. Таң калган бойдон четке чыгып, чылымды чегейин дедим. Анан эле бутумдун жанында кыл калем жатканын көрүп калдым. Сүрөтчүлөр колдоно турган жана сапаты мыкты кыл калем! Мен Парижге көргөзмөм менен келип, анан ишенүүгө кыйын болгон кырдаалга туш болуп калып, анан эле жанымда кыл калем жатат! Бир мүнөт мурда эле мени түрдүү санаалар каптап, анан эле бул... Асмандан Кудай түшүп келгендей эле болду. "Алия, сен туура жолдосуң!" деген сөздү айтышкандай эле болду. Ушундан кийин эле баары чечиле баштады.

Ошондон бери кыл калемди баштыгымда көтөрүп жүрөм. Аны менен кошо мен туура жолдо бара жатам деген ишенимимди кошо алып жүрөм", - деп жазган Алия Шагиева.

Буга чейин мурдагы президенттин кызынын көргөзмөсү Париж шаарында өтүп жатканын жазганбыз.

Сүрөтчү Алия Шагиева 2016-жылы турмушка чыккан. Таир аттуу уулу, Аюна аттуу кызы бар.

Алия Шагиева: “Парижде 20 евро менен калдым...“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
mirkaa5182
2019-12-15 16:55:22
Орус күйөөң каякка жоголду, көрүнбөйт
-13
AykaMer
2019-12-15 20:29:26
mirkaa5182,жоголсо...эмне? таап бересиңби?... Жаман эле болдуң го өрттөнгүдөй болуп... тооба...
-6
altyn-kumush
2019-12-15 17:29:27
Атасынын фамилиясынан баш тартып эмнеге жетишти. Орустун артынан ушундай абалда калды. Баарын алдын ала ойлонуш керек эле.
-4
Pandora
2019-12-16 10:08:15
altyn-kumush,Ой, жүгүртүүдөн сенин)))
Чет жерде жүргөндө ким эмне болоорун эч ким билбейт, эң негизгиси үй бүлөсү тынч.Фамилия тага журттуку.
+3
allia
2019-12-15 18:17:40
Таланттуу кыз
+19
filis
2019-12-15 19:10:44
Азаматсын. Бар бол.
+5
rysik79
2019-12-15 20:04:46
Оомал токмол дуйно
0
ruslanz
2019-12-15 21:48:18
Ишенбейм, факт керек.
+6
aiba_00
2019-12-16 08:41:11
Кызынын аты сонун го Аюна деп, необычный экен.
+2
al-abu-kinesz
2019-12-16 10:51:24
Анан ошол кыл калем акча которгула деп смс жазып жоноттум дебейсинби
-7
tihonkg
2019-12-16 11:18:07
эхх кыжы болбо карындаш биз конуп деле калганбыз адашкандан, кареяга келип сумкабызды суйроп адашып деле жургонбуз кудайга шугур башында мээн болсо баары жакшы болот ,кыргызым айласыз туурале жолдо баратат, атандын урматына, бут жеп жутарлардын балдарыда корсо экен бизге тушкон кыйынчылыкты
0
elchi84
2019-12-16 11:28:09
Атасынын кызы го копия көчмөн кыргыздын кызымын дейт анан жолго өтүп жаткандан сигарет сурадым дейби?
+3
Sayragul
2019-12-16 11:34:04
Ийгиликтуу, бактылуу, уй-булон менен тынч бол. Таланттуу жонокой кыз.
+3
Jelezo
2019-12-16 12:16:23
Талантын осо берсин бактылуу жакшы кыргыздын кызы бол.
+1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-12-16 13:34:08
Искусство адамдары ушундай болот!!!
+1
alisa0910
2019-12-16 15:59:28
Чет жерде журсон мусаапырсын деген чын да озу. Оз элинде акчан калбаса да,ал жактагыдай санаа тартпайспын.
+1
Aziat25
2019-12-16 18:08:28
Тамеки чеккени жакпады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан