Вице-премьер 4-5 ун өндүрүүчү ишкана насыя алганын айтты. 800 миллион сомдун 220 миллион сому гана алынды

Депутат Тазабек Икрамов ун өндүрүүчү ишканалар кандай негизде насыя алып жатышканын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ун өндүрүүчү ишканаларга бериле турган 800 миллион сом тууралуу маселени көтөрүүнү туура көрдүм. Кайсы компанияларга, эмненин негизинде насыя берилип жатат?" - деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев насыя эки мамлекеттик банк аркылуу бүт ишканаларга жол берилгенин айтты. "Учурда 220 миллион сом эле насыя алынды. 4-5 ун өндүрүүчү ишкана алды. Кайсы компаниялар алганы банктын сыры", - дейт вице-премьер.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан