Биз социалдык тармакта

Дарыгер менен эненин жаңжалы дагы кайталанды. Чырдын чоо-жайы

Кечээ, 21-январда социалдык тармактарга оорукананын кабыл алуу бөлүмүндө нааразы болгон эненин дарыгерге атырылганын чагылдырган видео тараган. Окуя Бишкек шаарындагы 3-балдар ооруканасында болгон. Буга чейин дагы ушуга окшош окуя аталган ооруканада катталган болчу.

Анда 3-балдар ооруканасына баласын алып келген эне дарыгердин жазып бергендерине макул болбой "ылайым, балаң өлүп калсын!" деп урушканын чагылдырган видео социалдык тармактарга тарап, коомдун кызуу талкуусуна алынган болчу.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы 3-балдар ооруканасына барып, 2-ирет кайталанган чырдын чоо-жайын укту. 3-балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Окуя кечээ, 21-январда катталып, эне баласы менен кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган. Аларды биздин кызматкерлер карап ангина деген аныктама коюп, аны далилдөө үчүн рентген жана анализге жөнөтүшкөн. Эне баланы отургузуп, дарыгерлер баланын дене табын өлчөгөн. Апасы ал учурда дене табын өлчөөчү аспапты ыргытып жиберген.

Бул окуядан кийин ал жердеги медицина кызматкерлер бейтаптан аспапты ыргытканынын себебин сураса эне кыйкырып, кызматкерди уруп жиберген. Чыр болгонуна байланыштуу медицина кызматкерлери милиция чакырышкан. Бирок милиция келгиче эне баласы менен кетип калган. Окуядан "жабырландым" деген биздин кызматкер милицияга ошол эле күнү арыз жазган", - деди Шайбеков окуя тууралуу.

Шайбеков кыш мезгилинде бейтаптардын саны көп болорун, медкызматкерлерге сый мамиле жоголуп, аларды кемсинткендер да четтен чыгып жатканын дагы айтып өттү.

Тилекке каршы, окуяга катыштыгы бар педиатр Айзада Орозбековадан комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Ал эми чырдагы эне Келбет Темирбек кызы окуя видеого тартылгандай эмес экенин айтат. Ал алгач ооруканага баласын көрсөтүп, дарыланып жатуу үчүн келген. Айтымында, аны медкызматкерлери кемсинтип, туура эмес мамиле кылган.

Келбет Темирбек кызы

"Балам тумоолоп ооруп баштады. Андан кийин мен баламды менчик ооруканаларга алып барып, алардын айтуусу менен өз алдымча үйдө карап жаттым. Бирок үйдө караганым натыйжа бербей, балам кыйналып баштады. Педиатрга кайрылсам, алар 3-балдар ооруканасына жиберишти. Ал жерден кабылдама аркылуу педиатрга кирип, балам кыйналып жатканын, ооруканага жатып, дарыланууга келгенимди айттым. Дарыгер сүйлөгөнүмдө эле мага орой мамиле кылып, "ооруканага жатууну сен чечпейсиң!" деди. Мен баламдын дене табы көтөрүлүп жатат, кала берейинчи деп андан абдан сурандым. Анда дагы ал мени кагып-силкип, кемсинтти. Андан кийин баламдын колтугуна дене табын өлчөөчү аспап салды. Энемин да, алардын жасаган орой мамилесинен улам ызаланып кеттим. Анан мага орой мамиле кылбагыла деп айттым.

Дене табын өлчөөчү аспапты баламдын колтугунан алып чыгып, столго коюп жатканымда, аспап кокустуктан жерге түшүп кетти. Ошол жерден алар "сен аны эмнеге ыргытып жатасың?", "эмне интернетке тараган аялдай болгуң келип жатабы?" деп дагы кемсинтип баштады. Болбосо мен ал "интернетке тарады" деген аялдын видеосун көргөн эмесмин. Анткени интернет колдонбойм, эч кандай социалдык тармактарда катталган эмесмин. Ал ошол видеого таянып, телефонун алып чыгып, "сени уят кылам" деп мени видеого тартып баштады", - деди Темирбек кызы.

Азамат Жумакеев

Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган окуя бир эле ооруканада экинчи ирет катталып жаткандыктан, тиешелүү комиссия түзүлгөнүн билдирди. Комиссия түзүүнүн максаты “окуя эмне үчүн болгонун түп тамырынан бери изилдеп, жыйынтык чыгарылып, окуянын дагы кайталануусуна жол бербөө”, - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев.

Ал эми Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы 3-балдар ооруканасынын кызматкери 21-январда, аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, денесине залака келтиргенин айтып, доо-арыз менен кайрылганын, буга байланыштуу юридикалык баа бериле турганын билдирди.

Ошондой эле бүгүн, 22-январь күнү Октябрь РИИБине экинчи тарап 3-балдар ооруканасынын кызматкерине карата кызматтык абалын так аткарбаганын, ага чара көрүүнү өтүнүп, доо арыз менен кайрылган.

“Учурда аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндөгү 119-беренесинин "майда бейбаштык" фактысы боюнча өндүрүшкө алынган. "Денесине жаракат келтирилген" деген факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусунун негизинде юридикалык баа берилет”, - деп билдирди Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан.

Окурман, окуянын чоо-жайын толук видеодон көрүңүз.

3-балдар ооруканасында экинчи ирет кайталанган чырдын чоо-жайы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
pusur
2020-01-22 20:41:44
Менимче күнөө дарыгерлерде болуш керек, адамдарга сылык мамиле кылбай калгандай.
+24
Zimzimemir
2020-01-22 20:45:27
pusur,сиздин созунузгоо менда кошулам
+13
uz.nookat
2020-01-22 22:12:21
pusur,эркекче менда кошулам шалакы даарыгер
+11
bond02
2020-01-22 20:59:33
Жаны челлендж го э.
+6
Baktyluumun98
2020-01-22 21:22:52
Эне чындыкты айтыптыр. Врачтарга соз жок. Оздору жонундо эч нерсе айтышпаптыр. Эч нерсе айтпай эле карап тура беришиптирби. Алар псих да. Кантип эле унчукпай турса эле градусникти ыргытып жиберсин. Врачтардан жанын кашайткан соз чыкты да. Сен чечпейсин деп орой мамиле кылса мен деле коргулукту корсотмокмун.
+13
Aruwka.89
2020-01-22 21:47:11
Baktyluumun98, Ошо да ОЗУ баласы ооруп кыйналып ьурса макул жакшылап текшерип королу дебейби,
+10
elzad01
2020-01-22 21:27:16
Кышында оору көп болсо эле эмне. Ар бир иштин кыйынчылыгы барда. Мен дагы көп кабылам орой мамиле кылган медсестраларга.
+11
-Sumitra-
2020-01-22 22:55:47
Мен бугун эле озубуздун врачыбыз окууга кетип,баламды поликлиникага алып бардым.Балам эми эки айлык болот.Мурду бырылдап грипп болуп калыптыр.Башка врач корду орой мамиле кылат.Тамагы кызарып калыптыр деп цевзим,китайский антигриппин,свеча,назаферон жазып берип койду.Олло жиним келди кучтуу антибиотик жазганына.Урушкум келди чоон эле аял экен.Анан озум мурда ичирген эле сироп мн анаферон алып ичирип жатам.
+7
gordaya
2020-01-23 04:27:28
-Sumitra-,эки айлык балага какырык чыгаруучу сироп бербе, алар какырык чыгарганды билбейт. Опкосундо туруп калат да.баланын дем алышы оорлойт
+1
momun74
2020-01-23 01:07:18
Чынын айтканда врачтар калып эле медсестралар чон болуп алышкан тим эле кагып силкип ошол хирургияда бир эже бар медсестра 2жолу туш болдум 2жолу тен орой кабыл кылды 2чисиеде чегинен ашып кетти бирок мен ажылдабай эле так так суйлоп оордуна койдум кыйкырып бакырып эчтеке чече албайсынар акырын эле так суйлоп тушунушкон жакшы деп ойлойм. Баласы ооруган эненида тушуном менинда бир ооругаеда 3балам бирдей ооруйт нерв болом аларга кошуп оозумда ооруйм бирок озубуздуда сыйлайлы!
+6
Alina1984
2020-01-23 03:29:10
Врачтар озунчо эле кино оператор болуп кетишкенби,ооругандар коп болсо кино тартпай,балдарды карашсын да ооруп келген,делать нечего отуруп анан тартып атышат да
+7
Kulatov
2020-01-23 12:29:55
Баарыбыздан акыбет кеткен бирибиздин сөзүбүз бирибизге жакпайт, бул жерде экөөнөн тен күнөө кеткен азыр баарыбыз өзүбүздүкүн туура кылып чыгабыз
+2
USAROV
2020-01-23 14:05:37
Акча бергенинде урушпайт эле, пациенттерге жакшы мамиле кылбаган мындай шаалакы кызматкерлерди айдаш керек. Азыр больницага барсаң көбү ушундай тоготпой мамиле кылышат. Бул кызматкерди жумуштан алыш керек башкаларына сабак болот. Ушул бойдон калтырса эч кимди көзгө илбей калат кийин. Бала саткан ташбоорлор адамга мамиле кылышты билишпейт.
+2
AksyKum
2020-01-23 15:06:07
Мен азыр болницадамын баламы алып жатам.Дене табы тушпой жатат врач ачык эле айтты обл больницада таанышынар барбы жонотоюн,тааныш жок жаткырбайт деп.сен чечпейсин деп айтты деген созуно 200%ишенем
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан