Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда өкмөттүн маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.
Чечейбаев Эркин Маратович саламаттыкты сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул кызматка Исаков Төлө Байдалиевич дайындалды. Ал 1959-жылы Кемин районунда төрөлгөн. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын "санитардык дарыгер" адистигин, 1998-жылы Кыргыз улуттук университетинин "юрист" адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 1978-жылы Кемин районундагы "Кызыл-Суу" совхозунда баштаган.
1987-1998-жылдары - Москва райондук санэпидемстанциянын санитардык бөлүмүнүн башкы дарыгери;
1998-2006-жылдары - Чүй облустук санэпидемстанциянын башкы дарыгери;
2006-2007-жылы - Чүй облусундагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда башкы дарыгер;
2012-жылга чейин - Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору;
2012-жылдын 3-февралынан тарта - Азык-түлүк, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси - мамлекеттик башкы санитардык врачы;
2013-жылдын 28-мартынан баштап - Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алын алуу жана экспертиза департаментинин директору.