Мындан эки жыл мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болуп дайындалган. 2018-жылы 20-апрелде Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын шайлап, президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү жарлыкка кол койгон.
Депутаттар жана жарандык коом азыркы өкмөттүн курамынын көпчүлүгү алмашканын айтышып, сындап келишет.

Эки жыл мурунку өкмөттүн курамында кимдер калды?
- Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов;
- Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев;
- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эрлис Тердикбаев.
Кимдер кызматынан бошотулуп, ордуна кимдер келди?
- Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун ордуна Эркин Асрандиев;
- Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун ордуна Акрам Мадумаров;
- Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр Мурат Мукамбетовдун ордуна Самат Кылжиев;
- Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын ордуна Аида Исмаилова;
- Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ордуна Каныбек Исаков;
- Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын ордуна Улукбек Кочкоров;
- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин ордуна Чыңгыз Айдарбеков;
- Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун ордуна Азамат Жаманкулов;
- Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун ордуна Жанат Бейшенов;
- Юстиция министри Айнур Абдылдаеванын ордуна Марат Жаманкулов;
- Каржы министри Адылбек Касымалиевдин ордуна Бактыгүл Жээнбаева;
- Экономика министри Олег Панкратовдун ордуна Санжар Муканбетов;
- Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мырзахмедовдун ордуна Замирбек Аскаров;
- Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ордуна Сабиржан Абдыкаримов;
- Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин ордуна Эркинбек Чодуев;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун ордуна Орозбек Опумбаев;
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловдун ордуна Эмил Осмонбетов;
- Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин ордуна Дастан Догоев.