Пневмонияга кабылып, ооруканада дарыланып жаткан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу анын уулу Эркин Чолпонбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анда Эркин Чолпонбаев атасынын дене табы түшпөй, кан басымы жогору болуп жатканын айткан.
"Космос Сариевич тууралуу маалымат алууну көздөп, кайрылып жаткан журналисттерге айта кетейин. Азыр эле дарыгер менен сүйлөштүм, ал "атаңдын абалы туруктуу оор бойдон калууда, дене табы түшпөй, кан басымы жогору болуп, катуу жөтөл менен коштолуп жатат" деди. Атамдын саламаттыгынын абалы ушундай экен. Анын үстүнө аны көрүүгө бизди да киргизбей жатат. Силерди кызыктырган суроолорго айыгып кетсе толук жооп берет, андыктан сабыр кылып туруңуздар. Өтүнүч дарыгерлерге кайра-кайра чалып, аларды да алагды кылбай турсаңыздар. Азыр дарыгерлердин ар бир мүнөтү алтынга тете болуп жатат. Туура түшүнүп жыйынтык кыласыздар деп ишенем! Рахмат", - деген ал билдирүүсүндө.
Маалым болгондой, Космосбек Чолпонбаев кээ бир фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын көздөп, коррупциялык иштерге баруу фактысы аныкталгандан кийин Финпол тарабынан суракка чакыртылган. 8-июлда анын абалы начарлап "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилгенин жана ага 2 тараптуу пневмония, 2-типтеги кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу деген диагноз коюлганын уулу Эркин Чолпонбаев билдирген.