Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева пневмониядан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты профессор, дарыгер Арсен Аскеров тастыктады.
"Заида Терекбаева көп жылдык эмгек тажрыйбасы бар, мыкты адистердин бири эле. Мурда ага COVID-19 диагнозу коюлган. Вирустан улам оорлошуу жүрүп, ал пневмонияга алып келгендиктен көз жумган. Жумуш ордунда вирус эч кимди аябайт экен. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз" , - деди дарыгер.
Буга чейин Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов, ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор - дарыгери Жамал Тазабекова, Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын ардагер дарыгери Орозали Абдухалимов, Ноокат районунун Барын айылынын үй-бүлөлүк медицина борборунун медайымы (аты-жөнү айтыла элек), Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын "Тез жардам" кызматынын фельдшери Валерий Гаук коронавирус жуктуруп алып каза болгону маалымдалган.