Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 4 кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Алар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат. Абалдары жакшы", - дейт ал.
Өткөн суткада өлкөдө 21 адамдан коронавирус аныкталды. Муну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138ге жетти.