Хорватия Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы вакцина берет. Маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"18-июнда "Анталия дипломатиялык форумунун" алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, Черногориянын тышкы иштер министри Жорже Радулович жана Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.
Хорватия тарап коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Руслан Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын ноябрь айында Кыргыз жергесинде өтө турган Евро Биримдик - Борбор Азия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.