Бүгүн, 7-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 49 миллион 247 миң 980 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 32 миллион 424 миң 725 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 241 миң 981 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө акыркы бир суткада 100 миңден ашуун адамдан илдет аныкталып, ооругандардын жалпы саны 9 миллион 732 миң 947 болду. 236 миң 64 адам каза болсо, 3 миллион 810 миң 791 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 411 миң 724 адамдан аныкталды. 124 миң 985 адам каза болсо, 7 миллион 65 миң 966 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 631 миң 181 адам вируска кабылган. 162 миң 15 бейтап көз жумса, 5 миллион 118 миң 156 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.