Коронавируска каршы дарыны сатууга Кытай бийлиги уруксат бергени айтылды

"Zhejiang Hisun Pharmaceutical" компаниясы коронавируска каршы "Фавипиравир" (Favipiravir) дарысын сатууга уруксат алганын билдирди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган компаниянын билдирүүсүнө ылайык, дарыны сатууга Кытай бийлиги уруксат берген. "Фавипиравир" потенциалдуу дары катары сатыкка коюлмакчы. Дары сатыкка чыккандан кийин деле клиникалык текшерүүдөн өтөрү айтылды.

Дары алгач клиникалык тесттен өтүп, ага 70 киши катышкан. Изилдөөнүн натыйжасы жакшы экени байкалганын Кытайдын Илим жана техника министрлигинен билдиришкен.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус буга чейин Covid-19 вирусуна каршы вакцинаны иштеп чыгууга жарым жыл керектелерин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Belek1710
2020-02-17 16:05:06
Эми иштеп калышат экен да ортомчулар ушундан пайдаланып, октоп жибербесе эле болду!
+4
Tolkun555
2020-02-18 07:27:35
Belek1710,ойлоп табылган вирус.Кытай кырылып деле тугонбойт
0
Kanat.tls
2020-02-17 16:39:44
Дарыны мамлекет колдоп жарандарына бекер таратыш керек!
+4
rysik79
2020-02-17 17:02:35
ушул дары айыктырса жакшы эле болот. тынч эле жашайлычы. Кыргызстаныбызга жолобосун бул дарт.
+13
kechirmeni
2020-02-17 17:08:45
Бекер таркатылышы керек болбосо подделкалар чыгып кетет
+5
Samatalibei
2020-02-17 17:46:45
Эч кимге жамандыгы жок жаман нерсени жебеген, Кыргыз элимди Аллахым ушундай ооруу балее кырсыктан сактаган болсун омиин.
+11
sirenaaaaa
2020-02-17 20:01:34
Бизнес башталды
+5
Center
2020-02-17 21:43:39
Короче бизнес саясаты, дарыларын сатыш үчүн вирусту чыгарышты, эми дарыларын каалаган баада сатып капиталдарын өнүктүрүшөт!
+4
satyke
2020-02-18 18:07:21
Даарынын аталышына караганда ретровирустарга колдонулган даарылар коронавируска да таасирин берет го. Тенофовир,Идинавир,Саквинавир,Абакавир сыяктуу даарыларды колдонсо болбойт бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан