Өкмөт: "Ирандын аймагында калып калган 60 жүк ташуучу унаанын айдоочулары мекенине кайтып келе жатышат"

Кыргыз Республикасынан чыккан жүк ташуучулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келе жатышат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кеп Азербайжан Республикасы жана Түркмөнстан өз чек арасын жапкандыгына байланыштуу Иран Ислам Республикасынын аймагында калып калган 60 жүк ташуучу унаанын айдоочулары тууралуу болуп жатат.

Учурда 60 айдоочунун ичинен 21и Орусия Федерациясынын аймагында турушат жана Орусия-Казак чек арасы тарапка, «Караозек» көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшүүдө.

10 унаа Азербайжан Республикасынын Орусия Федерациясы менен чек арасындагы «Самур» көзөмөл-өткөрмө жайынан өтүү үчүн күтүп турушат.

25 унаа Казакстан Республикасы аркылуу Кыргыз Республикасына келе жатышат. Дагы бир айдоочу Казакстан Республикасынын Орусия Федерациясы менен чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды. Анткени ал Казакстан Республикасынын жараны болуп саналат.

Тышкы иштер министрлиги бул маселе өзгөчө көзөмөлдө, ал эми айдоочулар менен үзгүлтүксүз байланыш бар экендигин эскертет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kuyoo_bala
2020-03-22 19:31:16
Вирустар келатат каптап
+2
Alixan-Nookat.2015
2020-03-22 19:41:39
Жакшылап текшергиле эми
+3
murgab2014
2020-03-22 20:15:56
Кыргызстанга чек арадан кириши менен карантинге алгыла шоферлорду эч ким менен контак кылдырбай жаткызгыла машинасын дизинфекция кылып бул жактан шофер алып барып ошолор айдап келсин складка.
+6
talaa11
2020-03-22 20:24:52
Киргизбеш керек болчу Алар менен кошоо вирус келе жатат
0
Kuyoo_bala
2020-03-22 21:01:16
Семьям бар,бала-чакам бар,ата-энем бар деп келатышатда эми.Мен ошолордун ордунда болгонумда келбейт элем Кыргызстанга,ачка олсом олмокмун.Мен учун баарынанда жалпы Кыргызстандыктардын омуру, саламаттыгы артык жана кымбат!!!Акылсыздар ойлонушса болмок,балким менде вирус болсо кандай болот кыргыз элиме деп((((
+2
Jelezo
2020-03-22 21:30:48
Kuyoo_bala, андай дебе башыңа түшбөсүн булар оору эместир балким тазадыр.
+1
aydinnur
2020-03-23 01:18:31
Оо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан