"Жалал-Абадда элдин кыймылы көп болуп жатат, бул менен кооптуулук артта калды деп айтууга болобу?" Комендант жооп берет

Бүгүн, 28-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча тиешелүү маалыматтарды берди.

Брифингде комендантка акыркы бир апта ичинде шаарда жана көчөдө элдин көп болуп жатканы тууралуу суроо узатылды.

"Бул менен кооптуулук артта калды деп айтууга болобу? Эгер андай болбосо, эмнеге кыймыл күндөн-күнгө көбөйүп жатат?".

"Ооба, коменданттык саат, өзгөчө абал өзүңүздөргө маалым болгондой 25-марттан баштап киргизилген. Андан соң 14-апрелде президентибиздин жарлыгы менен 15-апрелден 30-апрелге чейин узартылды. Алгачкы күндөрү жарандардын кыймылын чектөө иретинде аларга көчөгө чыкпоо, көчөдө санитардык эрежелерди сактоо боюнча толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Ошол эле мезгилде мамлекеттик мекемелерге дагы чектөө киргизилген. Акыркы 10 күн ичинде толук мамлекеттик мекемелер ишке чыкты, алар ишти толук алып барып жатат.

Андан сырткары жазгы талаа иштери боюнча тешелүү багыттагы мекемелер, уюмдар бүт баары иштеп жатат. Ошондой эле акыркы мезгилде бир топ социалдык жактан маселелер жаралууда. Айрыкча жер-жерлерде тамак-аш, азык-түлүктөр аз болуп жатат. Азыркы тапта облустун башка алыскы райондорунан бир топ жарандар азык-түлүк алуу үчүн шаардагы базарга келип жатышат. Бирок мунун баары биздин көзөмөлүбүздө. Ар бир блокпосттогу кызматкерлер кызматтарын жүргүзүп, жатышат. Адамдардын көбөйгөнү тартип бузууга туура келбейт", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан