Кувейт өлкөсү коронавирустун айынан Бишкекте өтө турчу хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпайт

Бишкекте 3-5-март күндөрү өтө турган хоккей боюнча төртүнчү дивизионунун Дүйнө чемпиондугуна Кувейт өлкөсү катышпайт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мындай чечимди Кувейт өлкөсүнүн шейхи кабыл алган. Кувейт өлкөсү коронавирус боюнча өлкөдө жарыяланган карантинге байланыштуу бул чемпиондукка катышпайт. Бул командага 0:5 эсеби менен техникалык утулуш берилет. Буга байланыштуу Дүйнө чемпиондугун өткөрүү тизмеси өзгөрдү.

3-март (шейшемби)

19:30 Турнирдин ачылыш аземи.

20:00 Кыргыз өлкөсү - Филиппин.

4-март (шаршемби)

20:00 Филиппин - Малайзия

5-март (бейшемби)

18:00 Кыргыз өлкөсү - Малайзия

20:00 Турнирдин жабылуу аземи.

Маалыматка ылайык, бул чемпиондукту уткан команда, хоккей боюнча үчүнчү дивизионунун Дүйнө чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elebes86
2020-02-27 10:02:02
Жакында Сауд Аравия ажылыкты токтот имиш. Кордунорбу, динчилдерге айтаарым башынарга оору, кыйынчылык, бале тушкондо силерге арабча дубалар, хадистеринер жардам бербейт. Айла жок адистерге кайрылып кенеш аласынар. Мечиттердеги арабча дубалар маселени чече албайт.
-2
murat17
2020-02-27 16:42:33
elebes86,сен суйлобой эле койчу атеист
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан