Элчилик: "Орусиянын Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунда калып калган Кыргыз жарандары мекенине кайтып келе элек" (видео)

Орусиянын Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунда калып калган Кыргыз жарандары мекенине кайтып келе элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтин бүгүн, 2-апрелде берген маалыматына караганда, аэропортто дагы 132 жаран хостелдерге жайгаштырылды.

"Кыргыз жарандары Новосибирск шаарынан кетише элек. Ал жакта башкы консулдук иштеп жатат, бүгүн дагы эл менен жолугушуп, 132 жаранды убактылуу хостелге жайгаштырышты. Аларды тамак-аш менен камсыз кылышууда", - дешти маалымат кызматынан.

Ал эми "Толмачево" аэропортунда калган Кыргыз жарандары видео кайрылуу жасашып, анда 300гө жакын жаран ара жолдо калышканын билдиришкен.

"Консулдуктан келишкендер күнүнө 450 сомдон төлөнүүчү хостелдерге өз чөнтөгүнөн төлөп жайгашып турсаңар болот деп айтып кетишти. Ал эми бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Келгенибизге 10 күндөн ашты, Орусия тарап учак даяр деп жатат, бирок Кыргыз өлкөсү бизди кабыл алганга даяр эмес экен. Анда бул жакка боз үй тигип биздин карантинге жаткырышсын", - дешет жарандар өз кайрылуусунда.

Новосибирск шаарынан 10 күндөн бери келе албай жаткан Кыргыз жарандарынын кайрылуусу
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
senchi
2020-04-03 12:45:40
Аэропортон кууп чыкты деп уктум бугун. Карабайсынарбы нары же бери кылып.
0
nnn.sss
2020-04-03 12:50:39
Дуйнодо миллиондогон адамдар жумушсуз акчасыз калды, баягы эле дурбогон карангы кыргыздар, ажылдаган казак аялдар кочодо журушот. Мамлекет бизге бериши керек, ачкадан олгончо вирустан олойун деп. Кыргызстанда деле адамдар жумушсуз уйлорундо отурушат, ошол жакта отура тургулачы,силер эле жумушсуз калгандай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан