Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда депутат Алиярбек Абжалиев өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү сунушун айтты.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы учурда эки райондо өзгөчө кырдаал жарыяланганын айтты. "Өзгөчө кырдаал киргизгенге мыйзамда жол бере турган шарттар керек. Бүгүн ушул маселени чечели деп жатабыз", - дейт ал.
Депутат бүгүн бул маселени кароо керектигин белгилеп, эртең кеч болуп каларын айтты.