Ирандын вице-президенти коронавирус жуктуруп алды

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Ирандын Тегеран шаарында жума күндүк намазды чогулуп окуу токтотулду. Бул өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 200дөн ашты. Вирусту алып жүргөндөрдүн арасында Ирандын үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар бар. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Масуме Эбтекар 26-февралда медициналык тест тапшырып, эртеси ал коронавирус менен жабыркай турганы аныкталган. Учурда вице-президенттин командасы, тагыраагы, аны менен тыгыз кызматташкандар дагы тесттен өтүшү керектиги айтылат.

Бүгүнкү күндө Иранда 245 адам коронавирус менен жабыркоодо, алардын көбү вирусту аныктоочу лабораторияда катталып жатат.

Буга чейин Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары коронавирусту жуктуруп алгандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2020-02-28 15:12:54
Монголиянын президенти карантинге кетиптир.
+3
voennyi88
2020-03-01 02:46:11
Биздин 120ны сактасын. Дуба кылып туралы урматтуу мекендештер. Сактасын 120ны.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан