Тажиктердин куралдуу кол салуусунан кийин Кадамжайга эвакуациялангандардын арасында 8 кош бойлуу айым болгон, бүгүнкү күндө алардын үчөө көз жарды дешет Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, учурда 4 кош бойлуу аял Кадамжайдагы төрөт үйүндө көзөмөлдө турса, дагы бирөө үй шартында кароодо жатат.
Төрөгөндөр:
1989-жылы туулган Кызыл-Жол айылынын тургуну бүгүн, 2-майда эки эм төрөдү (бир кыз, бир бала);
1990-жылы туулган Карабак айылынын тургуну 1-майда кыз төрөдү;
1993-жылы туулган Бужум айылынын тургуну 1-майда кыз төрөдү.
Эне-балдардын акыбалы канааттандырарлык, бардык тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.
Буга чейин Кадамжай жардам штабы эвакуациялангандардын арасында үч келин көз жарганын билдирген.