Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 140 миллион 448 миң 459 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 80 миллион 43 миң 779 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 9 миң 25 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 18-апрелге карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 627 миң 701 болду. 566 миң 893 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 14 миллион 526 миң 609 адамдан аныкталды. 175 миң 649 адам каза болсо, 12 миллион 671 миң 220 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 13 миллион 900 миң 91 адам вируска кабылган. 371 миң 678 бейтап көз жумса, 12 миллион 212 миң 890 бейтап оорудан сакайды.