Санитардык дарыгерлер коронавирусту алдын алуу максатында Бишкек шаарындагы базарларында дезинфекциялык тазалоо жүргүздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Тазалоого "Аламүдүн" жана "Ош базарларындагы" эт-сүт багытында иштеген соода күркөлөрү жана соода катарлары учураганы белгиленет.
Маалыматта мындай чаралар коронавирусту жана жалпы эле курч респиратордук инфекциялык ооруларды алдын алуу максатында жасалып жатканы айтылат.
"Бишкектеги эт-сүт багытында иштеген обьекттерде зыянсыздандыруу жүргүзүлдү. Мисалга алсак, "Ош базарындагы" күркөлөр жана соода кылуучу катарлар, "Аламүдүн" базарындагы соода катарлары, жана №5 мончо дезинфекциялык тазалоодон өттү. Мындан тышкары мамлекеттик жана жеке коомдук транспортту зыянсыздандыруу чараларын аткаруу боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө. Март айынын башында "Фрунзе", "Сере", "Лагман", "Ыр Кесе", "Уголек", "Нико", "Золден Паб", "Баку шашлычная", "Red", "Мейшичен", "Фрунзе" кафелеринде, "Буфет" ашканасында, "Бир, Эки" , "KFC" тез татым жайында жана "Марио" ресторанында коронавирусту жана башка инфекциялык ооруларды алдын алуу чаралары боюнча баяндамалар өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан Бишкектин окуучулары, ишкерлер жана кардар тейлөө жаатында иштегендер үчүн коронавируска байланыштуу баяндамалар окулганы кошумчаланды.