Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу боюнча республикалык штаб түзүлдү

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтуу жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык штабды экономикалык маселелерге жооп бере турган вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектейт. Өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев, ошондой эле экономика министри Санжар Муканбетов штабдын төрагасынын орун басары болуп эсептелет.

"Бүгүн штабдын биринчи жыйыны болуп, анын алдындагы маанилүү милдеттер жана маселелер белгиленип, каралды. Тармактык мамлекеттик органдарга тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтуу жана ата мекендик өндүрүштү өбөлгөлөө боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча тапшырмалар берилди", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2020-03-05 21:48:30
Арыстан алай кыргызстанга келбейт деди го келсе зима не будет болсо акыбал чатак болот бирок
0
wwwww
2020-03-06 11:35:52
chake,Арстан к...гуму жептир
0
Jaznura
2020-03-05 21:51:38
Коронавирус бул пандемиялык оору. Мунун сөзсүз алдын алуу чараларын көрүү зарыл.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан