Муфтият коронавирустун алдын алуу максатында түлөө өткөрдү

Бүгүн, 8-мартта Бишкектеги башкы мечитте Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы кайрымдуу жарандар менен биргеликте коронавирустун алдын алуу максатында түлөө өткөрдү.

Түлөөгө муфтий Максатбек Токтомушев, аалымдар кеңешинин мүчөсү Сабыр Досбол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садридин Мажитов, аксакалдар жана жергиликтүү жамаат катышты.

Муфтий өз сөзүндө ата-бабалар бөөдө кырсыктан, ар кандай балээден, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып түлөө өткөргөнүн белгилеп, элдин амандыгын, биримдигин, мамлекеттин тынчтыгын тилеп дуба кылды.

“Коронавирус деп дүрбөлөңгө түшпөй ага тобо келтирип, мындай учурда каада-салтыбызда да, шариятыбызда дагы Жараткандан оорудан, жаман өлүмдөн сактап, илдетке шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөрүп келишкен. Ылайым, Алла Таалам элибизге амандык, биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун”, - деди Азирети Муфтий.

Түлөөгө 2 бодо мал союлду. Анын эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилип, таратылды. Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймагында дагы улантыларын муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Migrant-rf
2020-03-08 20:03:39
Баракелде, болот экенго. Өтө жакшы жышаан. Бар болуңуз муфти Макe!
+32
JaneEr
2020-03-08 20:20:38
Батаныздар кабыл болсун ылайым!
+26
Aikaaaa
2020-03-08 20:25:14
Курандан чыккан кирпикти ичип дарыланып атпадык беле, коронавирус жукпайт деп, вотсаптан тынбай келип, ичсеңер жукпайт экен, дарысы табылды дешип, молдолордун деле айтканын кылбаш керек болуп калды)))
-39
talas0707
2020-03-08 20:39:31
Aikaaaa,сен ичпесен башка эчким деле ичкен жокко дейм
+25
urmat94
2020-03-09 01:49:35
Aikaaaa,сага кайсы молдо айтты кирпикти ич деп ватсаптан сага окшогондор жонотуп койгон ичерден мурун сурап тактап албайсынбы бироо ватсаптан богуну кайнатып ич десе иче бересинби
+18
Samatalibei
2020-03-09 10:17:01
Aikaaaa, Кемчилик жок динден Ар дайым кемчилик издеп жүрө бересиңби! Башка кыларга ишиң жокбу! Жалган маалыматты чыгаргандар сен сыяктуу дин душманы!/Өзүңдун кирпигин жулуп ичип көр!
+3
aydinnur
2020-03-08 20:47:35
Жакшы орнок!Мына ушинтип анча-мынча кыргыздын каада-салтын да колдонуп, кошуп турсак эле,эч ким болунбойт..Сен тенирчи-мен мусулман,сен каапыр-мен момун деп болунгон чала мусулман,чала тенирчилер оздору эле жок болот.
+19
bratanyn
2020-03-08 22:03:20
Дубаңыздарды Аллах кабыл кылган болсун!Элибиз тынч,оруу сыркоодон алыс болсун Иншалла.
+19
Tolkun555
2020-03-08 22:11:16
bratanyn,минус басылып кетти плюс басам деп....
+12
EddieNigma
2020-03-08 22:58:03
Оооо Иисус! Бизди сакта! Аминь!
-37
Wibee
2020-03-09 01:11:35
EddieNigma,өлүгүңдү көрөйүн секта канча акча алдаң атеистерден
+2
EddieNigma
2020-03-09 02:17:26
Wibee, мен олугумду коро албайсыз, хотя шанс бар) И да атеист эмесмин (бирок сиз айткандай, акча беришсе атеист да болуп берем), скандинавский язычникмин. То есть кяфирмин + мушрикмин) Бирок мени курчагандардын баары, мусулман катары билишет. Аларга, мен кяфирмин деп айта албайм. Олгум келбейт))
-18
Timon
2020-03-09 15:16:06
EddieNigma,тообо кылыныз тууганым..олгум келбейт депсиз,сиз эчак эле олупсуз..
+2
pero5184
2020-03-09 01:02:34
Максат ажы абдан токтоо,жеткиликтүү сүйлөйт .Кудайым кабыл кылсын суранычыбызды
+6
akmanai
2020-03-09 05:20:41
Биринчи суротто омур бар, экинчи суротто олум бар. Ушуну ойлоп журогум ооруп кетти негедир. Бирок садака, тулоо жакшы нерселер. Жакшы тилек, жакшы ниет.
+8
zhaku2017
2020-03-09 09:46:11
Ашкере динчилдик, фанатизм болбош керек динде. Молдонун кыл дегенин баарын кыла бербегиле.
-6
Samatalibei
2020-03-09 10:26:27
zhaku2017, Азыр адамдардын аң сезими силер сыяктуу караңгы эмес. Ким эмне кылышты кайда басыш керек кайда баспаш керек баары жакшы билишет!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан