Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 менен күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө дагы гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Түрк кеңешинин саламаттыкты сактоо боюнча илимий кеңешинин жыйынында билдирген.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, министр Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык кеңсесинин башчысы Ханс Клюге менен жолугушту. Жолугушууда тараптар уюмдун регионалдык кеңсеси менен Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Ханс Клюге Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигин ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.
"Жакынкы аралыкта республикага дагы гуманитардык жардам жөнөтүлөт, анда кардиомониторлор, өзгөчө кырдаалдарда жаракатты дарылоочу топтомдор, хирургиялык бет каптар, кол каптар, жеке коргонуучу каражаттар, коронавирустук инфекцияны текшерүүгө керектелүүчү шаймандар жана башкалар бар. Жүк жакынкы 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасына жеткирилет", - деп кошумчалады ал.