Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19га каршы эмдөө качан башталарын айтты

COVID-19 илдетине каршы эмдөө 2021-жылдан эрте башталбашын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдиргенин дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавируска каршы эмдөөнү баштоо препарат менен камсыз болуу убактысына дагы көз каранды.

"Адамдарга эмдөөнү баштоо кийинки жылдын биринчи жарымынан эрте башталбашы мүмкүн. Вакцинаны иштеп чыгууда жылыштар бар, бирок дары-дармектер менен толук камсыз болууга убакыт керек", - деген Майкл Райан.

Ошону менен дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму препараттарды баарына жеткиликтүү кылууга ниеттенүүдө. "Вакцина байлар үчүн эле эмес, ал баары үчүн бирдей" деп кошумчалаган Майкл Райан.

21-июлда Орусиянын түз инфестициялоо фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев Орусияда коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө өндүрүү август айында башталарын маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ZUXRIDDIN20
2020-07-23 08:54:56
Ушул уюмга вапше ишенбей калдым.
+9
Shabi
2020-07-23 09:25:38
Бул уюм менен Арстан алайдын уюму бир окшойт.
+9
AdylbekB84
2020-07-23 13:47:42
Россияда сентябрьдан башталат деп айттыго Мишустин, августа даярдап баштайбыз деп, булар эмне Дүйнөлүк уюмга баш ийбейби ошондо!
0
baku24
2020-07-23 15:13:37
Бул уюм элди психикалык жаатан жабыркаткандан башка жакшы иш жасайбы теги элди эле коркутуп негатив эле жан.ктарды чыгарат
+2
Kona8631
2020-07-24 01:46:53
Эмнеге вакцина...атайын бирдеке квлчудай...мындай эле таблетка даары чыгарса болбойбу
0
bond
2020-07-24 02:50:39
Буларда вакцина давно даяр болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан