АФК Кубогу-2020: "Истиклол" - "Худжанд" беттеши күйөрмандарсыз өтөт

Коронавирус чуусунун айынан АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун алкагында "D" тайпасында жайгашкан тажикстандык командалар "Истиклол" - "Худжанд" беттеши күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

Мындай чечим аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Футбол федерациясынын сүйлөшүүсүнүн негизинде кабыл алынган. Футбол күйөрмандары бул беттешти "Варзиш" жана "Футбол" телеканалдарынан түз эфирде көрө алышат.

АФК Кубогундагы "Истиклол" - "Худжанд" беттеши 11-март күнү Дүйшөмбү шаарындагы Борбордук республикалык стадиондо Саат 19:00дө (Бишкек убактысы боюнча) өтөт.

Маалыматка ылайык, жогорудагы эки команда АФК Кубогунда бишкектик "Дордой" командасы менен бир тайпада жайгашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан