Дональд Трамп АКШда коронавирус оорусу кескин кыскаргандыгын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө акыркы убактарда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар кескин кыскаргандыгын айтты. Бул тууралуу президент өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып калтырган.

"АКШда айрым учурларды эске албаганда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны акыркы убактарда кескин кыскарууда. Бул чынында эле жакшы кабар!" - деп жазган Трамп.

Маалыматка ылайык, АКШ коронавирус инфекциясы катталган өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөдө жалпы 1 миллион 486 миң 757 адамдан инфекция аныкталды. 89 миң 562 жаран каза болсо, 272 миң 265 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erlanspb
2020-05-18 11:04:53
Трамп ойун буто баштады дебейсинби туурасын еле айтып
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан